Жаңылыктар
06.09.2023 10:36
Кароолор: 215
Түптүн Кең-Суу айылында сел өтүүчү каналдарды казуу иши жүрүүдө
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сел суусу агып өтүүчү 5 тилке аныкталып, иш кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 450 метрлик каналды казуу иши толугу менен бүтүп, экинчи обьекттиде иш уланууда.
Буга чейин айылдын күн чыгыш тарабындагы кокту-колоттордон 2-август күнү сел суусу ири көлөмдө келип, турак үйлөргө чейин таштарды агызып келген. Катуу агымдагы суу тилкедеги 10 үйдүн жер төлөсүн каптап, 35 гектар айдоо аянтындагы эгиндерди жууп кеткен. Эми мындай кырсыктын алдын алуу максатында аймакта 700 метрлик канал казылууда.
Ошондой эле райондун Талды-Суу айылында 10дон ашык турак үй жайгашкан жер астынан 1,5-2 метр казганда эле суу чыккандыктан жашоочуларга бир кыйла ыңгайсыздык жаратып, сазга айлануу коркунучу жаралып келген. Учурда бул көйгөй да чечилип, Түп райондук Мамлекеттик администрациясы тарабынан 1 техника бөлүнүп, суу өтүүчү дренаж канал казылууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР