Жаңылыктар

07.05.2024 18:54

   Кароолор: 234

ТҮП СУУСУНУН НУГУН БУРУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИККЕ ТАПШЫРЫЛДЫ

Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагынын Арал айылынын тургуну жамгыр жаап, анын кесепетинен Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, өзүнө таандык короо сарайынын, үйүнүн айланасына кооптуулук жаратканын 7-майда “Турмуш” басылмасына билдирген.

Бул маалыматты тактоого, көзөмөлдөөгө жерине ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгына караштуу Түп районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, Карасаев айыл өкмөтүндөгү тиешелүү адистери тартылды.

Мында жеке менчик короо-сарайга кооптуулук жаратып, жээкти суу жеп жатканы аныкталган. ӨКБнын куткаруучулары менен бирге барган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Карасаев айыл өкмөтүнө тиешелүү Түп суусунун батыш тарабындагы белгиленген аралыгын сайды көздөй буруу керектигин тастыкташты.

Аталган тилкеде суунун нугун буруу иштери 8-майда жүргүзүлмөкчү. Бул тапшырма райондук Суу чарба башкармалыгына жана Карасаев айыл өкмөтүнө тапшырылып, иштин сапаттуу аткарылышы милдеттендирилди. Бир нече айыл аймагын басып өткөн Түп суусунун нугун бурууга Суу чарба башкармалыгынын техникасы тартылып, айыл өкмөттүн өкүлдөрү кооптуулукту жоюу ишин аткарат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу