Жаңылыктар

08.07.2024 17:04

   Кароолор: 497

ТҮП РАЙОНУНДА СЕЛ СУУЛАРЫ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДАР ТАЗАЛАНУУДА

ӨКМдин "Атайы алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин 2024-жылга карата планынын алкагында Түп районунун бир катар айылдарында сел суулары агып өтүүчү каналдарды тазалоо иштери жүрүүдө.

Анда Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылындагы сел өтүүчү каналдын 600 метри, Талды-Суу айылындагы Алма-Бак каналынын 1620 метр жери, Көөчү айылындагы сел өтүүчү каналдын 1500 метр жери сел калдыктарынан толугу менен тазаланды.

Учурда райондун Корумду айылындагы сел өтүүчү каналды тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындай иш-чаралар сел кырсыктарынын алдын алуу жана материалдык чыгымдардын санын, ошондой эле адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу