Жаңылыктар

25.03.2025 18:08

   Кароолор: 174

ТҮНКҮ КАФЕ-РЕСТОРАНДАРДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТЕКШЕРГЕН РЕЙДДЕР УЛАНУУДА

ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору түнкү көңүл ачуучу клуб жана кафе-ресторандарды текшерүүнү улантууда.

Кечээ, 24-февралдагы түнкү рейд Sky Baku ресто-барында жүргүзүлүп, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулду.

Анын алкагында ресто-бардын администрациясына айрым кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеедин тапшырмасы менен коомдук жайларда элдин коопсуздугун сактоо, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу