Жаңылыктар
04.11.2025 15:41
Кароолор: 92
ТРАНСПОРТ жана КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНУУДА
КР Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун 2025-жылга карата Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө Жарлыгына ылайык, 4–6-ноябрь күндөрү өтүүчү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык коргонуу абалын баалоо иш-чаралары башталды.
Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болгон бул иш-чаранын негизги максаты — Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүн баалоо аркылуу ЖК кызматтарынын өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган же катталган учурда ыкчам, так жооп кайтаруу жөндөмүн чыңдоо болуп саналат.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов сөз сүйлөп жатып, Транспорт кызматынын бул жаатта ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Анткени авария, табигый кырсыктарда, ошондой эле согуштук аракеттер жүргөн учурда медициналык эвакуацияны камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдарды ташып жеткирүү, калкты ыкчам эвакуациялоо учурунда транспорттун бардык түрлөрү менен жүргүзүлүүсү зарыл.
Генерал-майор иш-чарага катышып жаткан бардык жетекчилерди жана кызматкерлерди Транспорт кызматынын Жарандык коргонуу тармагындагы даярдыгын жогорулатууга, коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган маанилүү иш-чарага жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР