Жаңылыктар
18.10.2024 14:19
Кароолор: 237
ТОРДО КЫЙЫЛГАН БАЛЫКТАР... УЙКУ КӨРБӨГӨН СУУЧУЛДАР
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдө браконьерчиликке каршы күрөшүү жана синтетикалык балык уулоочу торлорду тазалоо боюнча түнкү рейдге чыгышты. Бул жолу тазалоо иштери көлдүн Тоң районунун Бөкөнбай, Кызыл-Туу айылдарында жүрдү.
Тактап айтканда, ар жылы октябрь, ноябрь, декабрь айларында балыкчылар балык уулашат. Бул айларда тереңдеги балыктар көл жээктеп, ага куйган дарыяларды карай агылышат. Анткени урук чачууга ыңгайлуу жерлерди издешет.
Мындай мезгил балыкты көптөп кармап, мыйзамсыз киреше табууга өтө ыңгайлуу. Ар түнү торлорду тынымсыз салып, көлдүн балыктарын тукум курут кылууга алып келет. Синтетикалык торго ар түркүн балыктар түшүп, көлдүн экочөйрөсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Эскерте кетсек, суучулдар 2024-жылдын 8-октябрынан 17-октябрына чейин Тоң районунун көл жээгине 3 жолу түнкү рейдге болушту. Бүл күндөрү жалпысынан 14 000 метр тор чыгарышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР