Жаңылыктар

28.05.2024 14:06

   Кароолор: 1025

ТӨРАГА СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙЫЛДАРДАН КАБАР АЛДЫ

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып, табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу багытында көрүлүп жаткан чаралар менен таанышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жетекчилер коштоп, жасалып жаткан иштер боюнча жеринде маалымат беришти.

Төрага баштаган топ алгач Кара-Камыш айыл аймагындагы Чарба айылында болуп, Кара-Суу дарыясынын нугун буруп, жээгин бекемдөө жаатында мерчемделген иштердин долбоорун көрдү.

Табигый кырсыктардан алдын алуу иштерине кайдыгерлик кылуу мүмкүн эмес экендигин айткан Төрага: “Кырсык айтып келбейт. Аба ырайынын туруксуздугун эске алып, жалпы өлкө боюнча сел жана жер көчкү тобокелдиктерин азайтуу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу керек. Анткени, өлкөбүздүн башкы байлыгы - элибиз. Андыктан элибиздин коопсуздугуна кам көрүү мамлекетибиздин башкы милдети”, - деди.

Эскерте кетсек, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суунун агып келиши секундасына 35 куб метрден, 100 куб метрге чейин жогорулаган. Натыйжада дарыянын жээги бузулуп, Чарба айылындагы турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган.

Иш сапар андан ары уланып, Жүзүмжан, Кара-Суу айылдарындагы жагдай менен да таанышары күтүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу