Жаңылыктар
09.07.2025 22:50
Кароолор: 219
ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БЕШ ЖЫЛДЫК ЖОЛ КАРТАСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн, 9-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер боюнча Жол картасынын иш-чараларын аткаруу боюнча жыйын болуп өттү.
Иш-чара КР Президенттик Администрациясынын 2025-жылдын 1-июлундагы №41-7043 буйругуна ылайык өткөрүлдү.
Жыйынга КР Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, ошондой эле ведомстволук мекемелердин жана башка кызыкдар органдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жол картасында каралган чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды, анын ичинде:
- туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана тоолуу райондордун калкынын жашоо шартын жакшыртуу;
- табигый жана техногендик тобокелдиктерге алсыздыкты азайтуу;
- инфраструктураны өнүктүрүү, экосистемаларды коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын күчөтүү.
Жыйындын катышуучулары тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүүгө системалуу мамиле жасоонун маанилүүлүгүн, ведомстволор аралык кызматташуунун жана пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө иш-пландарды тактоо, жер-жерлерде координацияны күчөтүү, Жол картасына кошумча чараларды киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР