Жаңылыктар

14.09.2025 09:53

   Кароолор: 8

ТООДОГУ ӨРТТҮ ТОЛУК ӨЧҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

2025-жылдын 13-сентябрында саат 17:50дө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 18:10до Баткен району боюнча ӨКБнүн башчысы майор Ч. Жумакадыровдун жетектөөсүндө 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу чыгышкан.

Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары Токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук ИИБнөн 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган.

Тилсиз жоо 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.

Бүгүн, 14-сентябрь күнү тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу