Жаңылыктар

01.02.2024 17:31

   Кароолор: 345

ТОО ТУРИЗМИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ КҮЧТҮҮ КУТКАРУУЧУЛАР КЕРЕК

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары 29-январдан 8-февралга чейин Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Төө-Ашуу лыжа базасында атайы машыгуудан өтүшүүдө.

Куткаруучулар бийик тоо шартында жабыркагандарды куткаруу, жардам көрсөтүү, кар үстүндө жүрө турган техникаларды туура колдонуу эрежелерин практика жүзүндө өздөштүрүүдө.

Белгилей кетсек Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен түрдүү татаал шартта адам өмүрүн сактаган куткаруучулардын тажрыйбасын ар тараптуу жогорулатуу иши жигердүү жүрүп ага катар англис, түрк тилдери үйрөтүлүүдө. Ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен атайы шаймандар менен да камсыз болушууда.

Ал эми өлкөдө тоо туризмин өнүктүрүүдө куткаруучуларды дүйнөлүк стандарттарга ылайык даярдоо, тажрыйбаларын бийик деңгээлге чыгаруу стратегиялык багыт болуп эсептелет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу