Жаңылыктар

01.01.2024 09:46

   Кароолор: 737

ТОО КЫРСЫГЫНАН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары жаңы жылды жаңы ийгиликтер менен баштап олтурат. Ар кандай кырдаалда куткаруу иштерин кынтыксыз аткаруу үчүн күжүрмөн даярдыкта турган өздүк курамды аталган кызматтын башчысы подполковник Эргешов Мырза Абдирашитович да кызуу куттуктады.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында жайгашкан 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Талгат Мукалаевич тарабынан атайын сыйлыктар сыйлыктарга ээ болду.

Мындан сырткары, кызматтык милдетин аткаруудагы жетишкен ийгиликтери үчүн алдыңкы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына ээ болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу