Жаңылыктар

30.10.2024 16:14

   Кароолор: 574

ТОО КЫРСЫГЫНАН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ КОШУМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ

КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун 13 аскер кызматкери атайын окуу курсунан өттү. Компрессордук кызматка бекитилген куткаруучулар кезектеги этаптык окуу-методикалык сабактарга катышып, теориялык жана практикалык программаларды өздөштүрүүгө жетишти.

Окуунун жыйынтыгы менен компрессордук кызматка жаңыдан бекитилген 5 аскер кызматкерине сертификат тапшырылып, атайын аппарат менен иштөөгө уруксат берилди. Аталган шайман шахтада куткаруу иштеринде пайдаланууга ылайыкталган жана чакан кубаттуулуктагы баллондорду медициналык газ түрүндөгү кычкылтек менен толтурууга арналган жабдуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу