Жаңылыктар

30.01.2025 17:46

   Кароолор: 211

ТОО КЫРСЫГЫНАН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ АСКЕРДИК ДАЯРДЫКТАН ӨТҮҮДӨ

27-31-январь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары негизги иш-чаралар планына ылайык аскердик даярдыктан өтүүдө.

Аталган иш-чарага кызматтын өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводдорунун командирлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышууда.

Иш-чаранын алкагында башчы, подполковник С. Мамаев, тоо кырсыгынан куткаруу взводдорунун командирлери менен жолугушуп, алардын 2024-жылы аткарган иш-чаралары боюнча жыйынтык чыгарып, 2025-жылга карата бир катар тапшырмаларды аткаруу зарылдыгын белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу