Жаңылыктар
22.03.2025 19:00
Кароолор: 254
ТОО КЫРСЫГЫНАН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ АР ДАЙЫМ КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫКТА
КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун аскер кызматкерлери күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн атайын окуу курстарынан өтүп турушат. Анын ичинде, компрессордук кызматка бекитилген куткаруучулар этаптык окуу-методикалык сабактарга катышып, теориялык жана практикалык программаларды өздөштүрүшөт.
Окуунун жыйынтыгы менен компрессордук кызматка жаңыдан бекитилген аскер кызматкери сертификат ыйгарылып, атайын аппарат менен иштөөгө уруксат берилет. Анткени аталган шайман ар кандай оор шартта куткаруу иштеринде пайдаланууга ылайыкталган жана чакан кубаттуулуктагы баллондорду медициналык газ түрүндөгү кычкылтек менен толтурууга арналган.
Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары жарандарды куткаруу иштери менен гана чектелбестен, аларга алгачкы жардам көрсөтүп, адам өмүрүн сактоого жан үрөгөн ардактуу кесиптин ээси болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР