Жаңылыктар
06.08.2026 23:45
Кароолор: 43
ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫ НИДЕРЛАНДДЫК ТУРИСТТЕРДИ ЭВАКУАЦИЯЛАДЫ
2026-жылдын 6-августунда саат 17:30 чамасында Ала-Арча жаратылыш паркында Нидерланд мамлекетинин эки жараны аккан суудан өтө албай калган.
Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашкан «Эдельвейс» куткаруу кошууну ыкчам түрдө окуя болгон жерге чыгып, Нидерланд мамлекетинин эки жаранын коопсуз жерге алып чыгышты.
ӨКМ жарандарды тоолуу аймактарга барууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаал жаралса, 112 кызматына кайрылыңыз.