Жаңылыктар
10.08.2025 17:07
Кароолор: 38
ТОО БООРУНДАГЫ ӨРТТҮН АЯНТЫ БОЛЖОЛ МЕНЕН 70 ч.м. ТҮЗҮҮДӨ
МИНИСТР БАШЫНДА ТУРГАН КУТКАРУУЧУЛАР ЫКЧАМ АРАКЕТТЕРИН КӨРҮП ЖАТАТ
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында бүгүн, 10-августта тоо боорунда кургак чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда.
КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык өрттүн болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт.
Бегилей кетсек, учурда министр, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган ыкчам топ, штаб жана өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүү аракеттерин көрүп жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР