Жаңылыктар

10.08.2025 14:44

   Кароолор: 37

ТОО БЕТИНДЕГИ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 5 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында алдын ала маалымат боюнча көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жеринде өзү көзөмөлдөп, жалындын жайылуу коркунучуна каршы аракеттерди көрүү ишин башкарууда.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:20дан тарта ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган.

Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу