Жаңылыктар

01.08.2024 16:25

   Кароолор: 1091

ТОО БАШЫНДАГЫ ЧЕЛЕКТӨР КӨЛҮНӨ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ӨКМге караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан бийик тоолуу көлдөргө изилдөө иштери уланууда.

30-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Челектөр көлүнүн абалына изилдөө жүргүзүлдү.

Челектөр көлү Кыргыз кырка тоосунун түндүк жантаймасында, Нооруз дарыясынын бассейнинде дениз деңгээлинен 3800 м абсолюттук бийиктик алкакта Таш-Башат айылынан 12 км аралык алыстыкта түштүктө жайгашкан.

Талаа изилдөө иштери учурунда көлдүн абалына параметрлерин аныктап билүү жана абалына баа берүү максатында комплекстүү изилдөө иштер жүргүзүлүп, батиметриялык (тереңдикти көрсөтүүчү) өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде тереңдиги аныкталды жана дрондун жардамы менен көлдүн учурдагы абалын картага түшүрүү иштери жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн натыйжасында көлгө мөңгүнүн эришинен суулар топтолуу фазасында ал эми суунун көлөмү туруктуу экени аныкталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу