Жаңылыктар

16.10.2024 06:26

   Кароолор: 586

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ЖОЛ ТЫГЫНЫ БОЮНЧА ЫКЧАМ ЖУМУШТАР ЖҮРҮҮДӨ

Төө-Ашуудагы жол тыгынына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде ыкчам штаб уюштурулуп, тиешелүү кечиктирилгис жумуштар жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 129-132-чакырым аралыктарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны болууда.

Алдын ала маалымат боюнча

жеринде 1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин эки орун басарынын жетекчилигинде 2 куткаруу унаасы, 4 каМАЗ , 1 көчмө башкаруу пункту унаасы, 3 пикап унаасы жана куткаруучулар тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө.Ошондой эле ӨКМ тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирилип берилүүдө.

Жылынуу пунктары төшөк (одеяло) менен камсыздалып, жарандарга ысык чай берилүүдө.

📢Урматтуу жарандар! Айдоочу жана жүргүнчүлөр! Абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу болууга чакырабыз. Кырсык катталса же жардам керек болгон учурда, 112 номерине чалууга чакырабыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу