Жаңылыктар

16.10.2024 06:20

   Кароолор: 115

ТӨӨ-АШУУДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Саат 06:20га карата Бишкек – Ош унаа жолунун 126-чакырымга чейинки аралыгы таза. Ал эми 126-137-чакырым аралыктарында кар жаап, жол тайгак болууда (Төө-Ашуу ашуусу).

132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгон.

Тартылган күчтөрдүн жардамында оор жүк ташуучу унаалар жолдун четине жылдырылып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлө баштады.

Жеринде ӨКМден жалпы 63 куткаруучу, 13 техника тартылып, күйүүчү майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

Мындан сырткары №9 ЖТИден 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж тартылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу