Жаңылыктар

27.04.2026 15:27

   Кароолор: 179

ТОО АРАЛЫКТАГЫ СПОРТТО КУТКАРУУЧУЛАР БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРЫШТЫ

2026-жылдын 24–26-апрель күндөрү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында өткөн тоо аралыктагы спорттук туризм боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары активдүү катышып, жогорку жыйынтык көрсөтүштү.

Аталган мелдеште куткаруучулар өздөрүнүн мыкты даярдыгын, ыкчамдыгын жана командалык иштеги шыктарын жогорку деңгээлдэ көрсөтүп, бардык этаптардан ийгиликтүү өтүштү.

Жыйынтыгында командалык жалпы эсеп боюнча 1-орунду багындырышты.

Жалпы мелдештин жыйынтыгында куткаруучулар 18 медаль утуп, алардын кесиптик даярдыгынын жогору экендигин жана өз ишине болгон жоопкерчилигин дагы бир ирет далилдешти.

Мындай мелдештер куткаруучулардын издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча даярдыгын чыңдап, өзгөчө кырдаалдарда натыйжалуу аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт.

https://www.facebook.com/share/p/18fEiFBMMP/?mibextid=wwXIfr
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу