Жаңылыктар
19.08.2024 12:21
Кароолор: 483
ТОҢДУН АК-САЙ АЙЫЛЫНДА ТУРАК ҮЙЛӨР ТОЛУК ТАЗАЛАНДЫ
18-август күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылындагы турак үйлөргө кирген.
Жеринде түнү менен ӨКМдин 30 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 120 адам, ЖК кызматтарынан 25
жумушчу, Б.Мамбетов а/а 20 адам РМАдан 4 адам 5 инженердик техника, 2 ассенизатор жана 1 мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүргүзүлгөн.
Жалпысынан суу каптаган 30 үйдүн 10нун жер төлөсүнө суу кирген.
Аталган он турак үй таңкы саат 05:30да толук тазаланып бүткөрүлгөн.
Калган турак үйлөрдүн кооросуна кирген суулар жерге синип кеткен.
Учурда ӨКМдин кызматкерлеринен жана Жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР