Жаңылыктар
14.03.2025 07:06
Кароолор: 160
ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн, 14-мартта саат 03:06да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 балл, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга (Бор-Дөбө тилкесинен 7 чакырым түштүк батышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүк батышта, Саргата айылынан 15 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР