Жаңылыктар

22.08.2024 19:40

   Кароолор: 280

ТОКОЙЛОРДУ ӨРТ КЫРСЫГЫНАН САКТАЙЛЫ

2024-жылдын 21-22-август күндөрү Алай районунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте “Токойлорду өрт кырсыгынан сактайлы” темасында өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Машыгуунун алкагында жарандарды эвакуациялоо жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Мындан сырткары тоолордо, токойлордо чыккан өрттү өчүрүү ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу