Жаңылыктар

09.02.2025 10:56

   Кароолор: 277

ТОКОЙДУ КОРГОО ЖАНА ӨРТТӨН САКТОО БОЮНЧА АКШ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

Бишкекте АКШнын Мамлекеттик Токой кызматынын кызматкерлери менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын, Чүй, Жайыл жана Бишкек токой чарбаларынын кызматкерлери, офицерлер катышкан маалымат алмашуу жана окутуу иш-чарасы болуп өттү.

Анда Американын Мамлекеттик Токой кызматынын адистери Джефри Боги жана Квид Карвер токойлордо күтүлүүчү өрт кырсыктарынын алдын алуу, кырсык катталган учурда тез арада өчүрүү, көчөттөрдү отургузуу, токойду зыянкечтерден арылтуу жана сактоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жыйындын жүрүшүндө токойлордун чек арасыз экени, өрт кырсыктары катталганда чек аранын да мааниси жок болуп калары баса белгиленди. Ошондой келечекте биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу