Жаңылыктар

26.03.2024 03:16

   Кароолор: 933

ТОКОЙДОН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

2024-жылдын 25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында алдын ала маалымат боюнча токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп тартылган.

Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30га түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу