Жаңылыктар

18.03.2025 19:35

   Кароолор: 1340

❗️ТОКОЙДОГУ ӨРТТҮ ШАМАЛГА КАРАБАСТАН ЧЕКТЕП КАЛУУ, ЖАҢЫ УНААЛАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ГАНА МҮМКҮН БОЛДУ

18-март күнү, саат 12:52де Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 куткаруучу 2 мотопомпа менен тартылган. Мындан тышкары токой кызматынан 35 адам, жергиликтүү тургундардан 60 жалпы 135 адам жалынды чектөө аракетин көрүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз саат 18:00дө чектөөгө алынып, саат 19:28де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун кесепетинен токойдун аймагында жана ачык аянтта болжол менен 40 га куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек өрт ачык аянтта чыгып, жалындын күч алышына шарт түзгөн шамалга карабастан жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жана атайын шаймандардын күчү менен өрттү чектеп, өчүрүп калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

(сүрөт архивден)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу