Жаңылыктар
25.03.2024 20:13
Кароолор: 729
ТОКОЙДОГУ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 3 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында алдын ала маалымат боюнча токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды.
Учурда жалпысынан Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп жеринде тилсиз жоо менен күрөшүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР