Жаңылыктар
13.09.2024 15:25
Кароолор: 191
ТОКОЙЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек токой чарбасында токойчулардын 77 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлдү.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин кесип ээлерине арнаган куттуктоосу жеткирилип, келечек пландары жөнүндө сөз козголду.
Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун барасы А. Мамбетов Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүүгө асыл эмгеги менен из калтырган ардагерлердин жана кызматкерлердин өзгөчө оор түйшүктүү жумушун жогору баалап, алардын басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү болуп калаарын белгиледи. Анын айтымында, Токой кызматынын борбордук аппаратынын имаратын жаңылоо, жаңы шаймандар жана керектүү техникалар менен камсыздоо долбоорлорун жүзөгө ашыруу аракеттери көрүлүп жатат.
“Президентибиз Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук компаниясы боюнча быйылкы жылы Түп районунда 300 гектарга жакын жерге экме көчөттөр отургузулду. Бул саамалыкты жыл сайын улантып, башка облус жана райондордо экме токойлордун, жашыл аймактардын аянтын көбөйтүүнү пландап жатабыз”, - деди Мамбетов.
Иш-чаранын жүрүшүндө үзүрлүү эмгектенгени үчүн бир катар кесип ээлерине “Эң мыкты токой кызматкери” төш белгиси жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Токой кызматынын башчысы Мураталы Тагаев азыркы дүйнөлүк климаттын кризисттик шартында Кыргызстандын аймактарындагы токойлордун келечегине өзгөчө көңүл буруп, приаритеттүү кадамдарды ишке ашыруу милдеттеринин маанисин белгиледи.
Бул аракеттер Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытуу боюнча жүргүзүлүп жаткан пландарга максатташ болмокчу.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ