Жаңылыктар
03.02.2025 19:04
Кароолор: 316
ТОКОЙ КЫЗМАТЫ ТАКТОО КИРГИЗЕТ!
Бүгүн, 3-февралда «Репортер АКИрress» басылмасына Чүй облусунун Чүй районунун "Шамшы капчыгайында токой дарактары массалык түрдө кыйылып жатат", - деген маалымат жарыяланган. Мындан улам ӨКМге караштуу Токой кызматы басылмадагы маалыматка тактоо киргизип, коомчулукка туура маалымат берүү максатында расмий түшүндүрмө берет.
Чүй токой-аңчылык чарбасынын Шамшы токойчулугунун №4 кыдырмасында 2021-2022-жылдары катуу шамалдан, куюндан кулаган 343 түп тактап айтканда, 160 м3 Тянь-Шань карагайын токойчулар эсепке алышкан. Карагайлар кулаган тилкени тазалап, иретке келтирүү максатында Токой кызматы 2024-жылдын 4-ноябрында №0001165 атайын уруксат кагазын берген. Бирок аталган тилкеге жол жүрүү татаал болгондуктан, жыгач материалдары чирип, жараксыз абалда турат.
Чүй токой чарбасынын кызматкерлери бардык тилкелерде токой ресурстарын сактоо жана калыбына келтирүү, карагайлардын көчөттөрүн отургузуу принциптерин мыйзамдуу түрдө карманат. Кыргызстанда жашыл аянттарды кеңейтүү, токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну ар бир токойчу милдетин так аткарат.
Андыктан жарандарды токой чарбачылыгына байланыштуу суроолор боюнча расмий кызматка кайрылууну сунуштайт. Токойчулукка байланышкан мыйзамсыз кыюуларды көрсөңүз токтоосуз бул телефон номерине кайрылыңыз: +996(312)-54-74-52 кабылдама.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР