Жаңылыктар

15.12.2024 13:45

   Кароолор: 285

ТОКМОКТОГУ БАЗАРДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары Токмок шаарында жайгашкан "Булак" базарында өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.

Машыгуунун сценарийи боюнча соода түйүндөрүнүн биринен өрт чыгып, базарды кара түтүн каптаган. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби менен тартылды. Базардын администрациясынан 15 киши жана милиция кызматкерлери катышты.

Соңунда өздүк курамдын иш аракеттерине баа берилип, келтирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча базар жетекчилигине тапшырма берилип, машыгуунун жыйынтыгы чыгарылды.

Иш-чаранын негизги максаты – өздүк курамдын кызматтык чеберчилигин жогорулатуу жана базардын кызматкерлерин ар кандай кырсыктарга каршы даярдыкка үйрөтүү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу