Жаңылыктар
29.10.2024 18:55
Кароолор: 265
ТОКМОКТО ЖАНА КАРА-БАЛТАДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 29-октябрда Кара-Балта жана Токмок шаарында күз-кыш мезгилине карата өрт коопсуздугун сактоо жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Чүй облусунун Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук ӨКБ тарабынан уюштурулган иш-чарада тургундарга мештерди тазалоо, электр жылыткычтарын жана жабдыктарын туура пайдалануу тууралуу маалыматтар берилип, коопсуздук эрежелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
Ошондой эле турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн коргоо үчүн камсыздандыруунун маанилүүлүгү түшүндүрдүрүлдү.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР