Жаңылыктар

27.10.2025 09:26

   Кароолор: 109

ТОКМОК ШААРЫНЫН КИРЕ БЕРИШИНДЕ ЖАҢЫ КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу тийиштүү участокто ландшафтты жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында пландуу иштер аткарылды.

Аткарылган иштердин негизинде мурда куурап, чирип, пайдаланууга жараксыз болуп калган 35 теректин ордуна жалпы 354 көчөт бак-дарактар отургузулду. Алардын ичинен 177си ак кайың жана 177 көчөт “катальпа” породасындагы дарактар.

Жаңы көчөттөр айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, шаардын кире беришин көрктөндүрүү жана абанын сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги карамагындагы участоктордо айлана-чөйрөнү жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин улантууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу