Жаңылыктар

15.05.2025 18:35

   Кароолор: 50

ТОКМОК ШААРЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ

Кечээ, 14-май күнү ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору Токмок шаарынын жалпы билим берүүчү №8,12 орто мектептеринде, №5 бала бакчасында жана Токмок шаардык индустриалдык-педагогикалык лицейинде болушту.

Чүй облустук өрттүн алдын алуу жана өрттү өчүрүү бөлүмдөрүнүн офицерлери менен биргеликте текшерилип, билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу боюнча актылар түзүштү.

Текшерилген мекемелерг эскертмелер 30 күндүк аткаруу мөөнөтү менен берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу