Жаңылыктар
04.11.2023 15:12
Кароолор: 336
ТОЙКАНАЛАРДАГЫ ФЕЙРВЕРКТЕР КООПТУУЛУКТУ ЖАРАТАТ
Учурда өткөрүлүп жаткан ресторан, тойканалардагы мааракелерде коопсуздук маселеси дагы эле бар. Тойлордо той ээлери алган фейрверктер, көрнөк-жарнак үчүн колдонулган электр чубалгылары өрттүн чыгуу ыктымалдыгын көбөйтөт. Дал ушул маселенин алкагында ӨКМдин тийиштүү кызматкерлери тойхана, ресторан ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып келет.
2018-жылдагы Өкмөттүн өрт коопсуздук эрежеси боюнча 381-токтомуна ылайык:
- массалык түрдө адамдар чогула турган имараттардын дубалдары менен шыптары күйгөн учурда, уулуу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйө турган жасалгалоочу материалдардан болбошу керек;
- синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат;
- ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдарга келүүчүлөрдүн ашыкча толуп кетишине жол бербөөгө тийиш;
- кезметчиде дем алуу органдарын жекече коргоочу каражаттардын комплекси жана электр фонарлары болушу зарыл;
- суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды, дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат;
- адамдарды эвакуациялоочу жолго алып келген негизги өткөөл бош калтырылышы керек;
- эл көп чогулган жерлерде колдонулуучу курулуш материалдарынан тарта кооздук буюмдарынын өрткө туруктуулугу атайы лабораториядан өтүп, тастыктаган документтери болуусу тийиш;
- коомдук тамактануучу жайларда эрежеге ылайык алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен камсыз кылынып, кызматкерлер эвакуациялык жолдорду, кырсык учурундагы алгачкы коопсуздук эрежелерин так билүүсү кажет.
Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берген маалыматында Кыргызстанда кафе, ресторан-тойханалардын саны 15миңден ашкан. Анын ичинен 2600 ашыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Бул имараттарда күз айлары жок дегенде жумасына 3 жолудан чоң же кичи иш-чаралар өткөрүлөт. Бул деген орто эсеп менен бир айда Бишкектин өзүндө эле 30 миңден ашык той маараке өткөрүлөрүнөн кабар берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР