Жаңылыктар

25.08.2023 14:38

   Кароолор: 691

Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды

Тогуз-Торо районунун аймагындагы кырдаал боюнча маалымат.

2023-жылдын 25-августунда Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик авто унаа жолунун 255-чакырымында болжолдуу 5000 куб (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) таш кулап, жолду тосуп калгандыктан жарандар жолдо калып калган деген маалымат саат 03:15 чамасында Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн.

Аталган аймакта кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды.

Жеринде ЖТК-18 мекемесинен 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок .

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу