Жаңылыктар
28.01.2025 16:03
Кароолор: 327
ТИЛСИЗ ЖООНУН МИЗИН КАЙТАРГАН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК
Кечээ, 27-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Новопавловка айылында гараждан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 18:20да Ленин райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 20:05те толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоодон сакталып калган үйлөрдүн ээлери өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, гараждагы өрттөн 2 унаа күйүп кеткен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР