Жаңылыктар

03.07.2025 17:16

   Кароолор: 241

ТИЛСИЗ ЖООНУН АЛДЫН АЛАЛЫ! ӨРТТҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮНҮ УЛАНТУУДА

КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин 2025-жылдын 30-апрелиндеги №310 буйругунун негизинде ӨКМдин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматы республика боюнча социалдык, жеке менчик объектилерди тешкерүүнү үзгүлтүзсүз улантууда.

Апта башынан бери Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Талас облустарынын район-шаарларында жайгашкан тамактануу жайлары, соода түйүндөрү, жеңил өнөр жай ишканалары өрт коопсуздугуна каршы текшерүүдөн өтүп, андагы кызматкерлерге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү менен тийиштүү эрежелерди сактоо жана алдын алуу максатында атайын чек баракчаларын таратты.

Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча башкармалыгы тарабынан «Кыргыз Бермети» эс алуу жайында жана башка мамлекеттик эс алуу жайларында текшерүү иштери жүргүзүлүп, гидранттардын оң абалда турушу көзөмөлгө алынды.

Жалал-Абад шаарында болсо «Адилет», «Береке" борбордук базарлары жана соода түйүндөрдө текшерүү жүрүп, соолагерлерде өрттүн алдын алуу, кырсыкты болтурбоо тууралуу үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ММК өкүлдөрүнүн чагылдыруусунда өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, калк көп жайгашкан жерлерде чек-баракчалар тартылды.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Карчыбек айылында 7 даана өрт гидранттары орнотулуп, бардыгында жогорку басымда суу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

❗Инспекторлор белгилегендей, өрттүн 60-70%ы тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө катталат. Өлкөбүздөгү өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү бузук абалдагы электр зымдарын жана башка электр каражаттарын колдонуудан пайда болот. Ошондой эле өрттүн чыгуусуна газ баллондордун туура эмес колдонулушу жана орнотулушу негизги себеп болууда.

📌Андыктан ӨКМ кызматкерлери күнүмдүк жашоо тиричиликте жана жумуш орундарында өрт коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

https://www.facebook.com/share/v/1H8ti7mf4L/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу