Жаңылыктар
04.03.2025 16:20
Кароолор: 350
ТИЛСИЗ ЖООНУН АЛДЫН АЛАЛЫ
Бүгүн, 4- март күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары борбордогу А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрынын кызматкерлерине өрт кырсыктары катталган учурларда өзүн алып жүрүү эрежелерин, өрт учурунда биринчи колдонуучу өрт шаймандарын туура колдонууну көрсөтүштү.
Ошондой эле кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине өз убагында чалып, так маалымат берүүгө чакырып, нускама, лекция өткөрүлдү.
Өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүргөн лекцияга аталган драм театрдын 76 кызматкери катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР