Жаңылыктар
26.10.2025 17:55
Кароолор: 484
ТИЛСИЗ ЖООНУ ӨЧҮРҮҮГӨ 5 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча Свердлов районунун Орозбеков көчөсүндө Көк-Сай базарында жыйылган тактайлардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 17:22де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1, Штаб жөнөтүлдү.
Кошумча саат 17:44тө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылган. ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана Штаб өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жеринде өрт өчүрүү иши башталды, кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР