Жаңылыктар
12.08.2024 22:42
Кароолор: 251
ТИЛСИЗ ЖООНУ ӨЧҮРҮҮГӨ 4 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 22:02де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, №5 ӨКБдан 2, №8 ӨКБдан автошаты жана штаб тартылган.
Ал эми буга кошумча саат 22:23тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде өрт өчүрүшүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР