Жаңылыктар

31.05.2024 13:09

   Кароолор: 353

ТИЛСИЗ ЖООДОН САК БОЛОЛУ

Кечээ, 30-майда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Жумабек көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Автотранспорттук ишкана” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү.

Анда өрт кырсыгы катталган учурда биринчи колдонулуучу өрт өчүрүү шаймандарын колдонууну үйрөтүшүп, 101, 112 кызматтардын бирдиктүү байланыш номерине кырсык катталганда аймактын дарегин туура жана так билдирүү керек экендигин кызматкерлерге эскертишти.

Өрт кырсыгын алдын алууга багытталган үгүт иштеринин максаты кырсыктардын тобокелдигин азайтуу болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу