Жаңылыктар
05.04.2024 10:17
Кароолор: 214
ТИЛСИЗ ЖООДОГУ АЛГАЧКЫ АРАКЕТТЕР
Бүгүн Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгуунун алкагында мугалимдер менен окуучулар өзгөчө кырдаал катталганда коопсуздук эрежелерин туура сактоону, өзүн алып жүрүүнү, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну үйрөнүштү.
Кырсыктан жабыркаган адамдарга биринчи медициналдык жардам берүү жана ар кандай кырсыктардын алдын алууну эрежелерин көрсөтүп, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Аларга ар кандай кырдаалда кабылганда "101"жана "112" кызматына чалууну эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР