Жаңылыктар
22.11.2023 09:44
Кароолор: 1808
ТИЛ БИЛСЕҢ, ДИЛ БИЛЕСИҢ
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨРГӨ СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРДЫ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында түрк тилинин баштапкы бөлгүгүнүн А1 деңгээлин аяктаган аскер жана мамлекеттик кызматкерлерге сертификат тапшыруу салтанаты өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана Түрк тилин үйрөтүү борборунун, билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дилкадыр, окутуучу Али Түркел, жетекчиси Мустафа Булут, жардамчысы Юнус Карадаг жана министрликтин Бишкек шаардык, Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.
ӨКМ башчысы тил үйрөтүп жаткан борбордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен өз сөзүн баштады.
“Учурда катардагы жоокерлерден тарта өздүк курамдын да билим деңгээлин көтөрүү аракетиндебиз. Эгемендүү өлкө болгону күч түзүмдөрүнүн ичинде биздин министрликтин кызматкерлерине билим алып, тил үйрөнүп квалификациясын жогорулатууга шарт түзүлдү. Аларга зор эмгек жумшап, түрк тилин үйрөтүп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар эки элдин достугун мындан ары да бекемдейт”, - деди министр.
Бообек Ажикеевдин айтымында, түрк эли менен кыргыз элинин тарыхы тамырлаш, ал тургай тилибиз, дилибиз да бир. Андыктан түрк тилине ортоктош элдердин бай тарыхы, жаратылышы, маданияты дегеле алардын жашоосу менен таанышууга кеңири жол ачыларын токтолду.
Өз кезегинде сөз сүйлөгөн тил үйрөтүү борборунун билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дилкадыр түрк элдеринин башына түшкөн оор күндөрдө жанын аябай жардамын берген кыргыз куткаруучуларына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Догандын жана борбордун атынан ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, түрк тилин окутуу эки элдин достугун арттырмакчы. Ал ӨКМдин кызматкерлери тилди үйрөнүүнүн жогорку деңгээлин улантууга болоруна токтолду
Иш-чаранын соңунда кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР