Жаңылыктар
14.12.2023 13:28
Кароолор: 404
ТИК УЧАК МЕНЕН ТООДО ЖАБЫРКАГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустуктан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган М.У аттуу жаран бүгүн ӨКМге караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматы тарабынан тик учак менен куткарылды.
Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР