Жаңылыктар

16.09.2025 19:06

   Кароолор: 44

ТЕРИ ХАКАЛАНЫН САПАРЫ: КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЕККУ КЫЗМАТТАШТЫГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ

Бүгүн, 16-сентябрда КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ЕККУнун өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу жана кесепеттерин жоюу, ошондой эле табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында морена-мөңгү көлдөрүнүн жырылуу коркунучун баалоо боюнча кызматташууну талкуулашты.

Калкты алдын ала эскертүүгө, маалымдоого, мониторинг системасын өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактын табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу максатында коңшу мамлекеттер менен чек ара кызматташтыгын чындоого өзгөчө көңүл бурушту.

Министрдин биринчи орун басары ККББнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн ЕККУ менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тери Хакала айым өз кезегинде ЕККУ Кыргызстанга тобокелдиктерди башкаруу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуу достук маанайда өтүп, тараптар мындан ары дагы тыгыз кызматташуу ниетин билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу