Жаңылыктар

07.02.2025 17:48

   Кароолор: 1070

ТЕЛЕФОН ШЫЛУУНДАРЫ ӨКМге ДА ЖЕТТИ!

ӨКМ АЛДАМЧЫЛАРДАН САК БОЛУУНУ ЭСКЕРТЕТ!

Коомчулукту аралаган, жарандарды алдаган телефон шылуундары ӨКМге да жетти! Тактап айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин сүрөтүн сактап, атын, фамилиясын жазып ӨКМге тиешелүү башкармалыктардын, мекемелердин кызматкерлерине түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды берүүдө.

Эгер сизге +996 220 325 260 же башка тааныш эмес телефон номерлери аркылуу ӨКМ жетекчилеринин атынан кайрылса, тапшырма берсе, сөзсүз түрдө жетекчинин өз номерине түздөн-түз кайрылып, маалыматты тактап алыңыз. Жетекчинин өзүнө билдирип коюуну да унутпаңыз.

Чоочун номерлерге өздүгүңүздү тактаган документтерди, банктык карталарды жана башка маалыматтарды берүүдөн баш тартыңыз. Жашыруун маалыматтарыңызды берүүдөн, акчалай каражаттарыңызды алдатып жиберүүдөн сак болуңуз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу