Жаңылыктар
26.02.2025 14:38
Кароолор: 1822
ТЕЛЕФОН ШЫЛУУНДАРЫ ӨК МИНИСТРИНИН АТЫНАН ЧЫГУУДА! ӨКМ ФЕЙК АККАУНТТАН САК БОЛУУНУ ЭСКЕРТЕТ!
Коомчулукту алдаган телефон шылуундары ӨКМге жетти! Тактап айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчисинин сүрөтүн сактап, атын, фамилиясын жазып ӨКМге тиешелүү башкармалыктардын, мекемелердин кызматкерлерине же тааныштарына түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды бериши мүмкүн.
Эгер сизге +996 998 134 532 же башка тааныш эмес телефон номерлери аркылуу Өзгчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин же орун басарларынын атынан кайрылса, тапшырма берсе, алгач жетекчилердин уюлдук номерин тактап, салыштырып көрүңүз. Мындай алдамчылыкты жетекчинин өзүнө билдирип коюуну да унутпаңыз.
Фейк аккаунт аркылуу кайрылган адамга өздүгүңүздү тактаган документтерди, банктык карталарды жана башка маалыматтарды берүүдөн баш тартыңыз. Купуя маалыматтарыңызды берүүдөн, акчалай каражаттарыңызды алдатып жиберүүдөн сак болуңуз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР