Жаңылыктар
04.12.2023 12:47
Кароолор: 615
ТЕАТРДА ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН МАШЫГУУ ӨТТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы пландын негизинде кезектеги өрт-тактикалык машыгуусун Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драм театрында өткөрдү.
Машыгууда өрт кырсыгын алдын алуу үчүн кандай коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл, кырсык учурунда кызматкерлер, театрга келген көрүүчүлөрдү эвакуациялоо, түтүндөн өзүн коргой билүү, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарын колдоно билүү түшүндүрүлүп, ал практикалык негизде көрсөтүлдү.
Сценарийге ылайык, алгач мекемеде чыккан өрт чыгып, кызматкерлер жана студенттер эвакуацияланды. Жеринде өрттөн чыга албай калган 5 адам куткарылып, алар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, бул аракеттерге жалпы катышуучулар күбө болушту.
Машыгууга 4 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), өрт өчүрүүчүлөдүн иш-аракетин жөнгө салган штабтык автоунаа жана Бишкек шаарынын куткаруу кызматы болуп, жалпы 64 куткаруучу тартылды.
Ал эми театрдын 50дөн ашуун кызматкери, студенттери катышты.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан пландын негизинде социалдык обьекттилерде, коомдук жайларда, базарларда чоң масштабтагы 60дан ашуун өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР