Жаңылыктар
13.04.2024 10:34
Кароолор: 239
ТАЗА ШААР — ТАЗА КООМ!
Бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында ишембилик өттү. Ишембиликте борбордук аппараттын тегерек четин тазалап, ирээтке келтиришти.
Ошондой эле министрликтин облус жана шаардык башкармалыктарында аймактарды тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.
Ишембиликтин алкагында Республикалык өзүнчө куткаруу отрядын жашылдандыруу максатында, 300 даана мөмөлүү дарак, 150 түп терек, 70 түп ийне жалбырактуу арча тигилди.
Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери райондук бөлүмдөр менен биргеликте 100дөн ашуун алма, өрүктүн көчөттөрүн отургузганга катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР